# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97875>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18374/edition/748473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97875.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97875

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 11-сентябры № 627 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Салык кызматынын органдары тийиштүү чечимди чыгаруу менен субъекттердин Маалыматтык тутумга кирүүсүнөн төмөнкү учурларда баш тартышат (же кирүүгө бөгөт коюшат);

1) субъекттин салыктык каттоосу жок болгондо;

2) бул субъекттердин жалган ишкердикке жана жалган беримдерге катышкандыгы жөнүндө документ түрүндөгү маалыматтар болгондо.";

- 15-пунктунда:

"60" деген цифралар "90" деген цифралар менен алмаштырылсын; "арыз берген" деген сөздөр "чечим чыгарылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17 жана 18-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 20-пункттагы "Салык кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары - Салык кодекси)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 22-пунктунда "Салык кодексинде белгиленген ченемдерге ылайык" деген сөздөр "эгерде Салык кодексинде башкача белгиленбесе" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
