# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 626 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 626 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 626
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97874>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18373/edition/1048085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97874.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 626 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97874

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 11-сентябры № 626 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакцисына ылайык) Кыргыз элинин тарыхый жана рухий мурасын байытуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V "Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу жөнүндө" токтомунун 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында мекеме формасында түзүлсүн.

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакцисына ылайык күчүн жоготту).

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти күтүүгө каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексти сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
