# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18365/edition/748453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97865

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-августу № 594 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобонун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
