# 2015-жылдын 20-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2015-жылдын 20-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18364/edition/688853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2015-жылдын 20-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (03.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97864

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-августу № 592 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кийимдин атайын жана ведомстволук формаларын кийип жүрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийим кийип жүрүүгө укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын убактылуу тизмесинде:

- "Ведомстволук форма кийими" бөлүмү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти" деген позиция менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаментинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин сатып алуу менен байланышкан чыгымдары учурдагы жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде сарпталаары белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
