Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 марта 2016 года № 120 "Об обеспечении служебным жильем военнослужащих Вооруженных Сил и иных воинских формирований и сотрудников правоохранительных органов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-14.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-августу № 583 Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 738 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын кызматтык батирлер менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Ош шаарында "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 "А"; "Достук" кичи району, Макаренко көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдөгү батирлерди ушул токтомдун тиркемесине ылайык бөлүштүрүү бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган батирлерди баланска кабыл алышсын;
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган кызматтык батирлерди алуучу адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн ведомстволук комиссияларды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге кызматтык батирлерди берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги 19 жана 20-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Ош шаарында "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 "А"; "Достук" кичи району, Макаренко көчөсү н/ж, Моторная кѳчѳсγ, 8 дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдөгү батирлерди БӨЛҮШТҮРҮҮ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 738 токтомдун редакциясына ылайык)
№
Мамлекеттик органдар
Батирлердин саны
Анын ичинде
Дареги
бир бөлмөлүү
эки бөлмөлүү
үч бөлмөлүү
1
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
60
20
10
10
"Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А"
5
10
5
2
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
33
15
9
9
"Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А"
3
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
15
5
5
5
"Достук" кичи району, Макаренко көч. н/ж
4
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети
30
7
13
10
"Достук" кичи району, Макаренко көч. в/ж, "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А"
5
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
33
15
9
9
"Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч. 46 "А"
6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат
10
4
3
3
"Достук" кичи району, Макаренко көч. и/ж
7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
11
4
3
4
"Достук" кичи району, Макаренко көч. н/ж
8
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы
14
10
2
2
“Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков кѳч., № 46 “А”
Жыйынтыгы:
206
85
64
57
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2015 · № 495
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-марты № 120 "Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтык турак жай…Постановление · 14.03.2016 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 14 мартындагы № 120 токтомуПостановление · 14.03.2016 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 583 “Укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик…Постановление · 27.10.2015 · № 738 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2015 · № 495
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-марты № 120 "Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтык турак жай…Постановление · 14.03.2016 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.