# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97858>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18358/edition/748443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97858.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (17.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97858

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-августу № 578 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- шайлоочуларды эсепке алуу тутумун колдонуу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт жана шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;".

2. Ушул- токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
