# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 571
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18356/edition/748439/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (12.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-августу № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Ата мекендик авиацияны өнүктүрүү, региондордун калкы үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин кошпогондо, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген, чыгарылган датадан бери 40 жылдан ашкан аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин андан ары пайдаланууга жоопкерчилик "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
