Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 „Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-августу № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Ата мекендик авиацияны өнүктүрүү, региондордун калкы үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин кошпогондо, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген, чыгарылган датадан бери 40 жылдан ашкан аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин андан ары пайдаланууга жоопкерчилик "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2008 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон