# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18354/edition/748435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (12.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97853

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-августу № 569 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелеринде:

10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда граждандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга тыюу салынат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
