# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 560
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18352/edition/1071789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтому (13.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97850

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 5-августу № 560 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөй алгыдай суроо-талапты жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Т.Д. Сарпашев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501, 2017-жылдын 24-августундагы № 537 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Милдеттер

Чаралар/аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо булактары

Күтүлгөн натыйжа (продукт)

1

2

3

4

5

6

7

1. Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн финансы механизмдерин түзүү

1

Программаны ишке ашыруу үчүн МИКтин иштеп кетүүсүн камсыз кылуу

МИКке узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү үчүн ресурстарды тартуу

2016-2020-жылдар

МИК, ЭМ, ФМ, ИИА

Мамлекеттик бюджеттин белгиленген булактарынын чегинде, инвесторлордун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын каражаттары (макулдашуу боюнча)

Ипотекалык кредиттер боюнча кредит портфелинин өсүшү

Ипотекалык кредит берүү механизмдерин иштеп чыгуу

2016-жылдын ичинде

ЭМ, МЖ, УБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде

Ипотекалык кредит берүү механизмдерин бекитүү

МИКтин өнөктөш-банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү механизмдерин киргизүү

2016-2020-жылдар

МИК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча)

МИКтин каражаттары

Ипотекалык кредиттерди берүү

Ипотекалык кредит берүүнүн механизмдерин ипотекалык кредит берүү боюнча эл аралык тажрыйбаларга таянуу аркылуу өркүндөтүү

2016-2020-жылдар

ЭМ, МИК, KfW, (макулдашуу боюнча), ДБ (макулдашуу боюнча), эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары

Каржылоо механизмдерин өнүктүрүү

2. Турак жай фондун түзүү

2

Арзан турак жайдын турак жай фондун түзүү

Турак жай рыногунда баалар жана бүтүмдөр жөнүндө маалымат базаларын түзүү жана колдоо

2016-2020-жылдар

МИК, МКК, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча)

МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары

МИК үчүн башкаруу маалыматтары

Региондордо сынамык долбоорлордо арзан турак жай куруу

2017-2020-жылдар

МИК, Курулуш агенттиги, МИКтин өнөктөш-банктары (макулдашуу боюнча), курулуш компаниялар (макулдашуу боюнча)

Тартылган каражаттар

Калкка андан ары өткөрүп берүү менен жаңы турак жайларды ишке киргизүү

Баштапкы рыноктогу даяр турак жайды сатып алуу

2017-2020-жылдар

МИК

МИКтин жана эл аралык донорлордун каражаттары

Кийин калкка өткөрүп берүү менен рыноктогу даяр турак жайларды сатып алуу

3

Программанын механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

Жеке турак жай курулушун кредиттөө механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2016-2020-жылдар

ЭМ, МИК

Тартылган каражаттар

Жеке турак жайды курууга ипотекалык кредиттерди берүү

Келишимдик турак жай аманаттары механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2017-2020-жылдар

ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча

Тартылган каражаттар

Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемени түзүү жана анын ишин камсыз кылуу

Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2017-2020-жылдар

ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Тартылган каражаттар

Кийин сатып алуу мүмкүндүгү менен жарандарды ижаралык турак жай менен камсыз кылуу

Турак жайды капиталдык оңдоого кредит берүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2017-2020-жылдар

ЭМ, МИК, УБ (макулдашуу боюнча)

Тартылган каражаттар

Жарандардын турак жайын оңдоосуна багытталган кыска мөөнөттүү кредиттик продукт

Колдо болгон турак жайды кеңейтүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2017-2020-жылдар

ЭМ, МИК

Тартылган каражаттар

Турак жайдын аянтын кеңейтүүгө муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыздоо

Таргетирлөө жана скоринг системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2017-2018-жылдар

ЭМ, МИК

Тартылган каражаттар

Ипотекалык кредиттөөдө максаттуу жана даректүү мамилени камсыз кылуу

4

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен арзан турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү

Көп батирлүү турак жай куруу үчүн коммуникацияларга кошулган жер участокторун издөө

2017-жылдын I кварталы

МИК, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Тартылган каражаттар

Көп батирлүү турак жай куруу үчүн жер участоктору

3. Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууларына мамлекеттик колдоо

5

Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоо багыттарын иштеп чыгуу

"Арзан ипотека" багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2016-жылдын IV кварталы - 2018-жылдын IV кварталы

ЭМ, МИК, ФМ

Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде

"Арзан ипотека" жана Жеңилдетилген ипотека багыттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

Жеңилдетилген ипотека багытын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2018-жылдын II кварталы

ЭМ, ЭСӨМ, МИК, ФМ, БИМ, ССМ, ММТМ

Мамлекеттик органдардын жана МИКтин бюджетинин чегинде

Кыскартуулардын тизмеси

ЭМ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

ФМ

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ЭСӨМ

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

БИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ССМ

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ММТМ

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

УБ

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

МИК

\-

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик кому

МКК

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

ИИА

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик

Курулуш агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

ЖӨБ

\-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ДБ

\-

Дүйнөлүк банк

KfW

\-

Kreditanstalt für Wiederaufbau - Немец улуттук банкы".
