# Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3096/edition/969905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 токтому менен бекитилген) (06.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97849

---

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин (мындан ары - Тизмек) жүргүзүү жана иштөө максатын, Тизмектин түзүмүн, мазмунун, аны түзүү тартибин жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясын аныктайт.

2. Тизмек Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин маалыматтар банкын билдирет.

3. Материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин классификациясы элементтерди Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын түрлөрүнө жана жанрларына бөлүүнү билдирет.

4. Материалдык эмес маданий мурастын досьеси - Тизмекке киргизүү үчүн материалдык эмес маданий мурастын ар бир элементин милдеттүү түрдө документтештирүү.

5. Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери тууралуу маалыматтарга кызыкдар юридикалык жана жеке жактар Тизмектин колдонуучулары боло алышат.

2. Тизмекти түзүүнүн максаттары

6. Тизмек Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтерин максималдуу толук аныктоо жана алардын сакталышына колдоо көрсөтүү максатында түзүлөт.

3. Тизмекти түзүү тартиби

7. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин Тизмекке киргизүү же аларды Тизмектен чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

8. Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет.

9. Тизмек Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө түзүлөт.

4. Тизмектин мазмуну жана түзүмү

10. Тизмекке төмөнкү маалыматтар киргизилет:

- элементтердин квалификациясы;

- элементтердин мүнөздөмөсү;

- элементтердин түрлөрү;

- жайылуу тармагы.

11. Тизмек материалдык эмес маданий мурастын элементтерин чогултуу, фиксациялоо, системалаштыруу жана сактоо менен алектенген мекемелерде, уюмдарда, алып жүрүүчү-коомдоштуктарда, жарандык коомдун өкүлдөрүндө болгон материалдык эмес маданий мурастын элементтери жөнүндө маалыматтардан түзүлөт.

12. Тизмекте материалдык эмес маданий мурастын элементтери материалдык эмес маданий мурастын төмөнкү категориялары боюнча классификацияланат:

- элдик оозеки чыгармачылык;

- салттуу кол өнөрчүлүк жана өнөр жай;

- майрамдар;

- салттуу оюндар;

- каада-салттар жана ырым-жырымдар;

- элдик музыка;

- айтыш (төкмө акындардын айтышы);

- боз үй;

- медицина менен байланышкан салттуу билим;

- ветеринария менен байланышкан билим;

- санжыра;

- табият жөнүндө эмпирикалык билим;

- ынтымак;

- ашар.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Тизмекти жүргүзүү тартиби

13. Тизмекке киргизүү үчүн материалдык эмес маданий мурастын элементтерине экспертиза Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
