# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 554
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18348/edition/747139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97844

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 3-августу № 554 Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-6-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому жана "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча) менен бирге Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрмө түтүктөр аркылуу газды жана электр берүү линиялары аркылуу электр энергиясын ташууда (импорттоодо) маалыматтарды эсепке алуу жана өз ара аракеттенүү боюнча технологиялык схеманы иштеп чыксын жана бекитсин.

3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна же жүктөрдү ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агентке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирге алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда ташылуучу жүктөр жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана салык органына берүү боюнча маалымат системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү сунушталсын.

4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
