# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 552
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18346/edition/733884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97842.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (26.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97842

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 3-августу № 552 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2015/2016-жылдардын жылуулук берүү мезгилине карата энергетикалык ишканалар менен бюджеттик мекемелердин жергиликтүү көмүр сатып алуусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- 2015-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун ташып берүүчүлөрдү аныктоо максатында конкурстарды өткөрүшсүн жана алар менен келишимдерди түзүшсүн. Министрликтердин, административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары" ачык акционердик коому, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, Ош шаарынын "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы 2015/2016-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн убактылуу чаралары катары бюджеттик уюмдар менен Бишкек шаарынын ЖЭБине жергиликтүү көмүр берүүгө конкурс өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетине жана Социалдык фондуна карыздары бар экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларына конкурска катышууга уруксат беришсин.";

- 3-пункттагы "2015-2017-жылдарга карата" деген цифралар жана сөздөр "2015/2017-жылдарга карата тиешелүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:

- 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө көмүр казуучу ишканалар тарабынан берилген эсептерге ылайык республиканын ички рынокторуна жана калкка көмүр берүү үчүн монополист ишканалардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларындагы көмүрдүн баасын бекитсин;

- 2015-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө автотранспорт каражаттары менен "Кара-Кече" кени - Балыкчы темир жол станциясы маршруту боюнча көмүр ташууга карата бааларды аныктасын жана аларды пайдаланууну сунуштасын.";

- 5-пунктта:

экинчи абзац "бюджеттик мекемелерге" деген сөздөрдөн мурда "республикалык бюджеттен каржылануучу" деген сөздөр менен толукталсын; төртүнчү абзац "бюджеттик уюмдар" деген сөздөрдөн мурда "республикалык бюджеттен каржылануучу" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
