# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 535
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18339/edition/748403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97832

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-июлу № 535 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын:

- 3-главасынын "2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын максаттары жана милдеттери" деген 1-таблицасында:

- "Милдет" графасынын 1-пунктунун 1.2.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1.2.1. Сот тутумун каржылоого республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнөн төмөнкүдөй пайыздык үлүштөрдү 2014-жылы - 0,85%, 2015-жылы - 0,96%, 2016-жылы - 1,0% жана 2017-жылы - 1,15% этап менен камсыздоо";

- 4-главанын "2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын "1.2.4-милдет. Сот тутумунун бюджетин түзүү процессинде бийликтин аткаруу бутагынын таасирин болтурбоо, контролдук цифраларды белгилөөнү болтурбоо" графасынын 2-пунктундагы "Ар бир жылдын башында" деген сөздөр "Ар бир кварталдын башында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

- Мамлекеттик максаттуу программанын бүткүл тексти боюнча "1%" цифрасы жана белгиси "0,85%" цифрасы жана белгиси менен алмаштырылсын, "2%" цифрасы жана белгиси "1,15%" цифрасы жана белгиси менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
