# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 495
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18336/edition/708477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (14.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97828

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июлу № 495 Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 583, 2016-жылдын 14-мартындагы № 120 токтомдун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тиркемеге ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак үйлөрдү алардын жайгашкан жер участкалары жана инженердик инфра түзүмдөрү менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Ош шаарынын мэриясына сунушталсын:

- тиешелүү кызматтар менен биргеликте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган, Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия берген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул токтомдун тиркемесинде аталган турак үйлөрдөгү батирлерди жеке менчик укугунда акысыз менчиктештирүү жөнүндө зарыл болгон укук белгилөөчү документтерди белгиленген тартипте тариздөөнү жана берүүнү камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак үйлөрдөгү батирлерди мындан ары бөлүштүрүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 583, 2016-жылдын 14-мартындагы № 120 токтомдун редакциясына ылайык)

№

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган Ош шаарындагы турак үйлөрдүн жайгашкан дареги

Батирлердин саны

1

"Манас-Ата" кичи району, У.Салиева көч., № 48 "А"

60

2

"Манас-Ата" кичи району, У.Салиева көч., № 48 "Б"

60

3

"Манас-Ата" кичи району, У.Салиева көч., № 48 "В"

75

4

"Манас-Ата" кичи району, Т.Касымбеков көч., № 3 "А"

40

5

"Достук" кичи району, Т.Атабаев көч., № 154 "Б"

30

6

"Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., № 18 "А"

75

7

"Анар" кичи району, № 16

60

8

"Анар" кичи району, № 17 "А"

40

9

"Анар" кичи району, № 21

64

10

"Анар" кичи району, № 18

45

11

"Манас-Ата" кичи району, Моторная көчөсү, № 4, 6, 10, 12 (4 корпус)

105

12

"Керме-Тоо" кичи району, Көкүмбий көч., № 102

48

13

"Алымбек Датка" № 7 аймактык кеңеши, Кара-Суу көч., № 36

70

14

"Ак-Буура" № 8 аймактык кеңеши, А.Шакиров көч., № 275/4

45

15

"Манас-Ата" кичи району, Авиценна көч., № 20 "А" (2 корпус)

140

16

"Ак-Тилек" № 4 аймактык кеңеши, Р.Абдыкадыров көч., № 197 "Г"

24

17

Н.Байтемиров көч., № 1 "А" (2 корпус)

120

18

"Манас-Ата" кичи району, Авиценна көч., № 20 "Б"

85

19

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 583 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

20

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 583 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
