Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «А.Осмоновдун мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-июлу № 530
А.Осмоновдун мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө
А.Осмоновдун мемориалдык комплексин натыйжалуу кармоону камсыздоо максатында, Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-январындагы № 18 "А.Осмоновдун мемориалдык комплексин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомун жана Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы № 48 "А.Осмоновдун мемориалдык комплексин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" чечимин көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусу, Панфилов району, Панфилов айылы, Центральная көчөсү 91а дареги боюнча жайгашкан А.Осмоновдун мемориалдык комплекси аянты 2,9 га болгон жер участогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. А.Осмоновдун мемориалдык комплекси Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплекс деп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини күтүүнү жана максаттуу пайдаланууну жүзөгө ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектиге укугун ырастоочу документтерди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- төмөнкү позиция күчүн жоготту деп таанылсын:
"
Панфилов а. Музей
1
65,0
".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:
- 186-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
186
Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплекс
Тарых
1990-ж.
Панфилов айылы (Каптал-Арык), Центральная көч., 91а
".
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 11 ноября 1996 года № 531 "О порядке передачи объектов в коммунальную собственность местных сообществ Кыргызской Республики"Постановление · 11.11.1996 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу…Постановление · 20.08.2002 · № 568
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Приложение государственного списка памятников истории и культуры Кыргызской Республики республиканского значения (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от…Приложение · 20.08.2002 · № 568
- Положение об учете, охране, реставрации и использовании объектов историко-культурного наследия (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20 августа 2002…Положение · 20.08.2002 · № 568