# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97806>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18316/edition/748351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97806.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө" токтому (30.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97806

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 30-июлу № 547 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү финансылык жылга карата тиешелүү бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
