Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 30-июлу № 547 Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү финансылык жылга карата тиешелүү бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 14-декабрындагы № 543-б "2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий…Распоряжение · 14.12.2016 · № 543-р
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү механизмдери жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын…Положение · 30.07.2015 · № 547
- Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 36-13 "Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен…Постановление · 24.02.2021 · № 36-13
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон