# 4-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375); 18.07.2014 [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=1281264..3932>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 4-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-4

---

1. Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Менчиктештирүү программасы мамлекеттик менчик объекттеринин тизмегин камтыйт:

менчиктештирилүүгө жаткан чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларды жана үлүштөрдү; менчиктештирилүүгө жаткан мүлктүк комплекстерди жана кыймылсыз мүлктү.

3. Менчиктештирүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат жана ал кезектеги мөөнөткө бекиткен учурга чейин колдонулат. Менчиктештирүү программасынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет киргизет, аны өзүнүн расмий интернет-сайтына ачык жеткиликтүү жайгаштырат жана тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-3)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-41)
