39-статья. Менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жоопкерчилик
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 ноября 2012 года № 180
Ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынган менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат. Менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча: Кыргыз Республикасынын атынан сотторго чыгууга; жазык иш козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды жиберүүгө укуктуу.
(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 ноября 2012 года № 180 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2008 года № 96 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/978/st-39" title="39-статья - Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>