37-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн жокко чыгаруу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул Мыйзамда белгиленген ыкмалардан башка ыкмалар менен ишке ашырууга жол берилбейт, ал эми андай мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрү ал түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/978/st-37" title="37-статья - Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>