# 36-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жол-жоболоштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 96 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=13458..34335>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 36-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-36

---

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жана сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү: мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды; келишимдин предметинин аныктамасын; менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтарды; мамлекеттик мүлктү сатуу баасын; сатып алынган мүлк үчүн төлөө формасын жана мөөнөтүн; ага ылайык көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган инвестициялык жана (же) социалдык шарттарын; ошондой шарттардын аткарылгандыгын сатып алуучу тарабынан ырастоонун тартибин; сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбаганда келишимди бузуунун тартибин; өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарын камтууга тийиш. Менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун бардык милдеттенмелеринин саны жана аткаруу мөөнөтү болууга тийиш. Мамлекеттик мүлккө менчик укугу мамлекеттик мүлккө сатып алуу-сатуу келишими белгилеген тартипте мамлекеттен аны сатып алуучуларга өтөт. Ушул берененин жоболору чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды сатуу жолу менен менчиктештирүүгө карата колдонулбайт. Мындай бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруу тартиби чет мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдары жана (же) чет өлкөлүк фондулук биржанын эрежелери менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-37)
