# 35-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 35-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-35

---

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен ченемдиктерге ылайык жана тартипте бөлүштүрүлөт. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акчалай каражат мыйзамга ылайык чегерилүүгө жатат жана милдеттүү төлөм болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн алынган акчалай каражат өз убагында чегерилбеген учурда, салык алуу боюнча ишти координациялоо жана жөнгө салуу компетенциясы кирген аткаруу бийлик органы, анын аймактык органдары аталган акча каражаттарын тийиштүү түрдө мамлекеттик мүлктү сатуучунун эсептеринен талашсыз тартипте чыгарып салууга укуктуу болушат.

VIII Глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-36)
