# 33-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө акы төлөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 05.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674); 18.07.2014 [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=13458..34335>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 33-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-33

---

Сатып алуучулардын сатып алынган мамлекеттик мүлккө акы төлөөсү сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт. Объекттерди конкурста менчиктештирүүдө объекттин наркын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жол берилет, мында объектти менчиктештирүү үчүн баа боюнча конкурстун катышуучуларынын сунуштары сатып алуу төлөмдөрүн төгүүнүн шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн камтууга тийиш. Менчиктештирилүүчү объект төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен сатылган мындай учурда, баштапкы төгүмдүн өлчөмү сатуу баасынын 50 пайызынан кем болбоого, ал эми мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мезгили бир жылдан ашпоого тийиш. Эгерде уставдык капиталда мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшүнө ээ болгон чарбалык коом мамлекеттик мүлктү сатып алуучу болуп саналса, объекттин наркын төлөөнү бир жылга чейинки мөөнөткө кийинкиге калтыруу менен жүргүзүүгө жол берилет, мында алгачкы төгүмдүн өлчөмү жана мөөнөтүн кийинкиге калтырып бергени үчүн пайыздарды төлөө боюнча ушул Мыйзамдын талаптары сатып алуучуга жайылтылбайт. Төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге калтыруу берилген акча каражатынын суммасына, ал берилген учурдагы коммерциялык банктардын кредиттери боюнча орточо салмактуу пайыздык ставкаларга негизденүү менен каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жүргүзүлөт. Ушул берененин жоболору чет өлкөлүк фондулук биржада листинги бар, глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу акцияларды менчиктештирүүгө карата колдонулбайт. Глобалдык депозитардык тил каттарды сатып алууда төлөө тартиби аларды жайгаштыруу боюнча келишимдин шарттары менен аныкталат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-34)
