# 3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2024 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике", "Об акционерных обществах", "О стратегических объектах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2024 [Закон КР от 24 июля 2024 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике", "Об акционерных обществах", "О стратегических объектах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172); 06.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375); 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 96 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=3932..13458>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 3-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-3

---

Ушул Мыйзамдын колдонуусу төмөнкүлөргө жайылтылбайт: менчик ээлеринин, алардын мураскорлорунун жана укугун мурастоочулардын мамлекетке алынган, конфискацияланган, болбосо көрсөтүлгөн адамдардын эркине каршы башка ыкма менен мамлекеттин же муниципалдык менчикке алынып коюлган мүлккө мүлктүк укуктарын калыбына келтирүүгө; жерди менчиктештирүүгө, менчиктештирүү объектилери менен бир комплексти түзүүчү жер участокторун кошпогондо; жаратылыш ресурстарын менчиктештирүүгө; мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүүгө; мамлекеттик резервди менчиктештирүүгө; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мамлекеттик менчикти менчиктештирүүгө; тарыхый-маданий мурастардын объекттерин жана жаратылыш объекттерин менчиктештирүүгө; Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу учурларына; мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикке. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратууга. Ушул абзацта көрсөтүлгөн мамлекеттик менчикти ээликтен ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчиктин объекттерин ээликтен ажыратууга. мамлекеттик менчик объекттерине, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөөнүн эсебинен берилүүчү стратегиялык объекттерге. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин жана ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн он биринчи абзацында көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II Глава Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы

(Главанын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-4)
