# 25-статья. Акциялаштырууга даярдык

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 96 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=1281260..1281261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 25-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-25

---

Менчиктештирүү боюнча комиссия: мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоонун жана финансылык отчетунун документтерине талдоо жүргүзөт; ишкананын финансылык-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт; мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт. Эгерде мамлекеттик ишкана менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча аны акциялаштырганга чейин кандайдыр бир өзгөртүп түзүүгө муктаж болсо, менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу) боюнча өзүнүн рекомендацияларын иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет, ал рекомендациялар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин колдонулат. Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде отчет түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-26)
