Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маалымат
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142
Өткөрүлө турган торуктар жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн мүлктү сатуу жүзөгө ашырылган күнгө чейин 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - 90 календардык күн калгандан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Менчиктештирүү объектерин сатууда маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү түрдө жарыялануучу маалыматтардын тизмесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилейт. Мамлекеттик монополияга каршы органдын жана анын аймактык органдарынын сунуштарына ылайык маалыматтык билдирүүгө рынокто үстөмдүк кылуучу абалдагы менчиктештирүү объектинин продукциясынын (ишинин, кызматынын) үлүшү жөнүндөгү маалымат кошулат. Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен белгиленген нерсе маалыматтык кабарда таанышууга укуктуу. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат аталган бүтүмдөр аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматты жарыялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө төмөнкү маалыматтар жарыяланууга жатат: менчиктештирүү объектинин аталышы; менчиктештирүү датасы; менчиктештирүүнүн усулу; менчиктештирүү объектинин сатык баасы. Ачык акционердик коомдун акцияларын сатуудагы маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участкасынын аянты; мындай коомдун кыймылсыз мүлкүнүн мүнөздөмөсү; мындай коомдун акцияларын алып сатууга коюлган көрсөтмөлөр; мындай коомдун баланстык отчету; мындай коомдун продукциясынын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги аттары; мындай коомдун кызматкерлеринин саны; Кыргыз Республикасынын резиденттери эместеринин, ошондой эле уюштуруучулар (катышуучулар) жана аффилирленген адамдар катары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна карата чектөөлөр; сатып алуучулардын башка маалыматтар менен таанышуу тартиби; менчиктештирүү объектине карата түйшүк салуулар жана юридикалык талап коюулар тууралуу маалыматтар.
(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
V Глава Мамлекеттик ишканаларды чарбалык өнөктөштүктөргө (коомдорго) өзгөртүп түзүү
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 ноября 2012 года № 180 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/978/st-21" title="21-статья - Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>