# 202-статья. Фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 18.07.2014 [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=13458..34335>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 202-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-202

---

1. Мамлекетке таандык болгон акцияларды Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында жайгаштыруу жана сатуу баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекетке таандык болгон акцияларды чет мамлекеттердин фондулук биржаларында жайгаштыруу жана сатуу биржа тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекетке таандык болгон акцияларды Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында жайгаштыруу ыкмасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Мамлекетке таандык болгон акцияларды Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында жайгаштыруу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аркылуу жасалат.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим мамлекетке таандык болгон акцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген минималдуу баадан төмөн эмес сатуу боюнча милдетти камтууга тийиш.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-201)  
Кийинки берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-203)
