# 201-статья. Түз сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 96 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=1281264..3932>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 201-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-201

---

Түз сатуу мамлекеттик мүлктү белгилүү бир инвесторго менчиктештирүүнүн усулу болуп эсептелет. Мамлекеттик мүлктү түз сатуу усулун колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. Ушул Мыйзамдын 14-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурдан тышкары, түз сатуу усулу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкү учурларда колдонулат:

- жабык акционердик коомдун акционери же жабык акционердик коомдун өзү тарабынан жабык акционердик коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алууда;

- жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу тарабынан жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык катышуу үлүшүн артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алууда.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-20)  
Кийинки берене: [202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-202)
