# 17-статья. Конкурс

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 17-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-17

---

Менчиктештирүү объектин сатып алуучу конкурстун шарттары менен аныкталган белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алуу менен мамлекеттик мүлктү сатуу усулу конкурс болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн. Коммерциялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу менчиктештирилүүчү объектке карата өзүнө алынуучу милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң кымбат бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирилүүчү объекттин сатып алуучусу болуп калат. Инвестициялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу менчиктештирүү объектине карата өзүнө алуучу милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары; бизнес-планды; бизнес-планды ишке ашыруу үчүн өзүнө алуучу зарыл инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн; менчиктештирүү объекти үчүн сунуш кылынуучу бааны камтыган сунуштарды беришет. Сунушу эң жакшы деп табылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп калат. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин камтышы мүмкүн: менчиктештирүү объектинде жумуш орундарынын деңгээли боюнча милдеттенмелерин; эмгек акы боюнча милдеттенмелерин; социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин; инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин; карыздарды тындыруу боюнча милдеттенмелерин; уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин. Ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө саналгандардан башка милдеттенмелерди сатып алуучуга жүктөөгө тыюу салынат. Бардык милдеттенмелердин саны жана ошондой эле аларды аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. Конкурсту өткөрүү тартиби, потенциалдуу сатып алуучулардын ага катышуу шарттары, конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо тартиби, мамлекеттик мүлктү сатып алгандыгы үчүн эсептешүү тартиби, ошондой эле милдеттенмелерди аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобо менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-18)
