# 16-статья. Аукцион

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/978)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2014 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205363)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/978#diff=1281260..1281261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-933/edition/1281256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/978/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундо, 16-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-16

---

Аукционго коюлган менчиктештирүү объектин сатуунун жүрүшүндө эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жакка менчик укугу өтүүчү сатык өткөрүү жолу менен, анын ичинде электрондук форматта сатуу усулу аукцион болуп саналат. Мында менчиктештирилүүчү объектке карата эч кандай кошумча шарттарды аткаруу талап кылынбайт. Аукцион ачык өткөрүлөт, башкача айтканда, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарды аткаруучу бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу. Аукцион өткөрүү тартиби, потенциалдуу сатып алуучулардын катышуу шарттары, аукциондун жеңүүчүсүн аныктоо тартиби, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алгандыгы үчүн эсептешүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/978/st-17)
