# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 526 "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 526 "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18310/edition/748333/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97797.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 526 "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97797

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-июлу № 526 "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.И.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчиева, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев, И.К.Гусаров, З.С.Жоошбеков жана К.С.Дыйканбаев тарабынан демилгеленген "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 536 "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 526 токтому менен жактырылган

"Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчиева, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев, И.К.Гусаров, З.С.Жоошбекова жана К.С.Дыйканбаев тарабынан демилгеленген "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келет. Бул Мыйзамдын долбоору салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө, ишкерлерди көмүскө сектордон мыйзамдуу экономикалык иш жүргүзүүгө тартуунун эсебинен салык салуу базасын кеңейтүү жана чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карызды эсептен чыгаруу жолу менен алардын карыздарын толук жоюусуна түрткү берүү боюнча чараларды көрүүгө багытталган. Мыйзамдын долбоорунда чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу жолу менен салык төлөөчүлөрдүн бюджеттин алдындагы салыктык карызын толук жоюу каралган. Мында Мыйзамдын долбоорунун күчү табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттерине, мини-базарларга, базарларга, соода-базар борборлоруна жана комплекстерине карата колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2014-жылдын 2-июнундагы чечими менен Мыйзамдын долбоорунун демилгечилерине бул Мыйзамдын долбоорунун макулдашылган вариантын киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип иштел чыгуу тапшырылган. Ишкердик субъекттердин финансылык туруктуулугун жогорулатуу жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Фискалдык саясатты координациялоо боюнча Методологиялык кеңештин кеңейтилген жыйынында "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Чегерилген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.
