# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18308/edition/708689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97794.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (22.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97794

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июлу № 516 Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө Асыл тукум малдын андан ары өнүгүүсү, генетикалык ресурстарын сактоо, генефонддуу чарбаларды түзүү, учурдагы породалардын породалык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-сентябрындагы № 505 "Мал чарбачылыгында асыл тукум өстүрүү ишин жүргүзгөн асыл тукумдук заводдордун, чарбалардын, фермалардын статусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
