# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 515 "2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 515 "2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 515
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18307/edition/748329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 515 "2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" токтому (22.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97793

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июлу № 515 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (Бишкек шаары);

- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына (Каракол шаары).

"Билим берүү" номинациясы боюнча:

- Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин № 98 кесиптик лицейине (Бишкек шаары).

2. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:

"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (Бишкек шаары);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борбору (Бишкек шаары);

- Шаардык № 5 стоматологиялык бейтапканасы (Бишкек шаары);

- № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Бишкек шаары);

- Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы (Ош шаары).

"Билим берүү" номинациясы боюнча:

- Ош мамлекеттик университети;

- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (Бишкек шаары);

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту (Бишкек шаары);

- К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи (Бишкек шаары).

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
