Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июлу № 515 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (Бишкек шаары);
- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына (Каракол шаары).
"Билим берүү" номинациясы боюнча:
- Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин № 98 кесиптик лицейине (Бишкек шаары).
2. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:
"Саламаттык сактоо" номинациясы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (Бишкек шаары);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борбору (Бишкек шаары);
- Шаардык № 5 стоматологиялык бейтапканасы (Бишкек шаары);
- № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (Бишкек шаары);
- Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы (Ош шаары).
"Билим берүү" номинациясы боюнча:
- Ош мамлекеттик университети;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (Бишкек шаары);
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту (Бишкек шаары);
- К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи (Бишкек шаары).
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478