# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 "Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 "Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18305/edition/908525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97790.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 "Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97790

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июлу № 511 Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Жарандык авиациядагы таза атаандаштыкты өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары тарабынан жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны абада натыйжалуу ташууларды жүзөгө ашыруу жана жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
