Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июлу № 501 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳнѳр жай министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
1-берене Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., На 9. 440-ст.) тѳмѳнкγдѳй толуктоолор жана ѳзгѳртγγ киргизилсин:
1. 10-статьянын 3-пункту «байланыштын,» деген сѳздѳн кийин «энергетиканын,» деген сѳз менен толукталсын.
2. Он тѳртγнчγ главанын аталышы «байланыштын,» деген сѳздѳн кийин «энергетиканын,» деген сѳз менен толукталсын.
3. 82-етатьяда:
- аталышы жана бγткγл тексти «байланыштын» деген сѳздѳн кийин «, энергетиканын» деген сѳз менен толукталсын;
- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. Энергетиканын жерлерине тѳмѳндѳгγлѳр γчγн бѳлγнгѳн жер участоктору кирет:
1) гидроэлектрстанцияларды, жылуулук станцияларын жана алардын курулмаларын жана объекттерин тейлѳѳчγ башка электр станцияларды, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштырууга;
2) электр ѳткѳрγγчγ асма линияларды, электр ѳткѳрγγчγ кабелдик линиялардын жердин γстγндѳгγ курулмаларын. подстанцияларды, бѳлγштγрγγчγ пункттарды, башка энергетика курулмаларын жана объекттерин жайгаштырууга.».
4. 89-статья «курулуштары» деген сѳздѳн кийин «. энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу боюнча объекттер» деген сѳздѳр менен толукталсын.
5. 90-статьянын 1-пункту «энергетика,» деген сѳздѳн кийин «анын ичинде кайра жаралуучу энергияны пайдалануу,» деген сѳздѳр менен толукталсын.
6. 92-статья тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:
«92-статья. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берγγ Суу фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн чечими менен айыл, токой, балык, акчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар γчγн жеке жана юридикалык жактарга мѳѳнѳттγγ (убактылуу) пайдаланууга берилиши мγмкγн.».
2-берене Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) тѳмѳнкγдѳй толуктоолор киргизилсин:
1. 24-статьянын тѳртγнчγ абзацы «электр энергиясын» деген сѳздѳрдѳн кийин «, кайра жаралуучу энергияны кошкондо» деген сѳздѳр менен толукталсын.
2. 85-статьянын 1-пункту «анчылык чарбаларынын муктаждыгы» деген сѳздѳрдѳн кийин «, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу» деген сѳздѳр менен толукталсын.
3-берене «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж.. № 7, 1052-бер.) тѳмѳнкγдѳй толуктоо киргизилсин: 6-берене тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 5-бѳлγк менен толукталсын: «5. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана (же) жылуулук энергиясын сатып алуу энергиянын кайра жаралуучу булактары жѳнγндѳ мыйзамдарына ылайык жγргγзγлѳт.».
4-берене «Мамлекеттик статистика жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 237-ст.) тѳмѳнкγдѳй толуктоо киргизилсин: 13-статья тѳмѳнкγдѳй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: «эсепке алууну жана Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын казылып алынуучу, ѳндγрγлγγчγ, ташылып келγγчγ, кайра иштетилγγчγ, ѳзгѳртγп тγзγлγγчγ, ташылуучу, сакталуучу жана керектелγγчγ сактагычтары жѳнγндѳ мамлекеттик реестрди жγргγзγγнγ камсыздоо:».
5-берене «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) тѳмѳнкγдѳй толуктоо киргизилсин: 5-статья тѳмѳнкγдѳй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: «- кайра жаралуучу энергия чѳйрѳсγндѳгγ илимий ишти камсыз кылуу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын ѳздѳштγрγγ чѳйрѳсγндѳгγ илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу;».
6-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 285-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу…Постановление · 17.02.2016 · № 285-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 285-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу…Постановление · 17.02.2016 · № 285-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 433-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.04.2016 · № 433-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 514-VI "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 12.05.2016 · № 514-VI
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 132 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон