Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-июлу № 489 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 48-беренесинин биринчи абзацында:
«2» деген цифра «3» деген цифра менен алмаштырылсын; «3» деген цифра «5» деген цифра менен алмаштырылсын.
2. 51-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары административдик муниципалдык кызматты ээлеген жана конкурстун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.».
3. 52-беренесинде:
1-бөлүгүндөгү «айыл кеңешинин» деген сөздөр «жергиликтүү кеңештин» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү «айыл өкмөтүнүн» деген сөздөр «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-бөлүгүндөгү «айыл башчысы тарабынан» деген сөздөр «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы тиешелүү айылдык кеңештин жыйындарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен, ал эми шаардык кеңештин жыйындарына тийиштүү айылга тиешеси бар маселелер каралганда катышууга укуктуу.».
2-берене «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 23-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: «Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда дайындоонун башкача тартиби каралса, өзгөчө учурда айрым кызмат орундарына конкурстук тандоосуз эле дайындалышы мүмкүн.».
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 183-б "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө"…Постановление · 13.01.2016 · № 183-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 351-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 10.03.2016 · № 351-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 429-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 06.04.2016 · № 429-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 182-VI "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.01.2016 · № 182-VI
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон