# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 "Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 "Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18284/edition/714586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 "Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97767

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июлу № 497 Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана он эки айга чейин колдонулат.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
