Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июлу № 499 "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыздоо, ошондой эле ипотекалык кредит берүү аркылуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- 10000 (он миң) жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
- жаңы түзүлүүчү "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкаруу жана контролдоо органдарын белгиленген тартипте түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдаштыкта жаңы түзүлүүчү "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишими шартында Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратка "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомун жайгаштыруу жөнүндө маселени чечсин.
3. 2016-жылдан тартып, 5 жылдын ичинде, жыл сайын 1-майдан кечиктирбей ачык акционердик коомдун уставдык капиталынын кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон 760000000 (жети жүз алтымыш миллион) сомго чейин көбөйөрү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө финансы каражаттарын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашылган тартипте ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун топтоочу эсебине алгачкы уставдык капиталын төлөөнү жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 4-пунктун аткаруу үчүн ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды аталган көлөмдөрдө кабыл алсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 21-июлунда № 66 жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 349 "Мамлекеттик турак жайлык ипотекалык кредит берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.06.2016 · № 349
- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" Турак Жай Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген)Программа · 13.07.2021 · № 75 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64