# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 484
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18277/edition/1123059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97758

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-июлу № 484 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча региондук департаменти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти болуп аталышы өзгөртүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
