# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 482
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18273/edition/748285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (13.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97754

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-июлу № 482 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Калкты мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар менен камсыздоону, балдарды мектепке сапаттуу даярдоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1 пункт менен толукталсын:

"6-1. Республикалык бюджеттен дотация албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарын мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды каржылоого, анын ичинде айлык акы фонду боюнча чыгымдарга жумшоо сунушталсын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
