# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 474 "Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 474 "Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 474
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97749>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18270/edition/748277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 474 "Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (09.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97749

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-июлу № 474 Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелерин бекитүү тууралуу Токой фондунун токойлуу жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду корголуу категорияларына ылайык бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18, 29, 30 жана 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
