Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 „Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-июлу № 464 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15 жана 16-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жободо:
- 7-пункту "айыл өкмөтүнө" деген сөздөрдөн кийин "же шаардын мэриясына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. Айыл өкмөтү же шаардын мэриясы ведомствого караштуу аймактарда жерлерди эсепке алуу маалыматтарын топтоо жана тактоо боюнча ишти уюштурат жана жерлердин бар экендиги жана аларды категориялары, жерлердин түрлөрү, ээлик кылуучулары жана жер пайдалануучулары боюнча бөлүштүрүү жөнүндө отчетту бекитишет."; экинчи абзацы "айыл өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "же шаардын мэриясы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Жерге жайгаштырууну долбоорлоо-изилдөө жана жер-кадастр иштеринин комплексин аткаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- жерди сапаттуу эсепке алууну ишке ашырат жана конкреттүү жер участоктору боюнча айыл аймагына, районго (шаарга) карата жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө маалыматтар банкын түзөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияда тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында жайгашкан жер участоктору боюнча жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө отчетту бекитет;
- жыл сайын, 1-декабрдан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө отчет берет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 "Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 137
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон