# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 463 "2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду денонсациялоо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 463 "2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду денонсациялоо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18268/edition/748271/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 463 "2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду денонсациялоо тууралуу" токтому (08.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97746

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-июлу № 463 2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлунда Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду денонсациялоо тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу жана 2012-жылдын 22-августунда Астана шаарында кол коюлган 2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол денонсациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасында катталган "Кыргыз-Казакстан инвестициялык фонду" акционердик коомунун өкүлчүлүгүн жоюу боюнча тийиштүү иштерди белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган эл аралык келишимдердин денонсациялангандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
