# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 451 "Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 451 "Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 451
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18259/edition/748255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 451 "Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө" токтому (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97736

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-июлу № 451 Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучуларды социалдык жактан коргоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

7

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн;

50

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн;

110

Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн.

200

".

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
