Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-июлу № 451 Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу шарттарын жакшыртуу жөнүндө Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучуларды социалдык жактан коргоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "
7
Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн;
50
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн;
110
Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн.
200
".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон