# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 452
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18258/edition/862229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97735

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-июлу № 452 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жеке мамлекеттик өнөктөштүк чөйрөсүндө натыйжалуу иштерди камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

"1-тиркеме Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); Байланыш операторлору ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Союзтекстиль" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); "Кыргыз ашпозчулар гильдиясынын" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Мейманкана жана ресторан бизнеси ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун башчысы (макулдашуу боюнча); Тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдор ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Био-kg" органикалык кыймыл федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).".
