# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 446
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18250/edition/748237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (06.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97726

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-июлу № 446 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) паспорттору менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы атайын каражаттардын эсебинен:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар, 60 жашка толгон жана андан жогорку курактагы адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө калктын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунан сырткары.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
