# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97719>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18243/edition/748223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97719.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (02.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97719

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июлу № 435 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Уюштурулган фондулук рынокту өнүктүрүү максатында, "Баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:

- 24-пунктунда:

үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Биржалык бүтүмдөр ушул пункт менен, фондулук биржа тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынган Фондулук биржанын баалуу кагаздарын сатуунун эрежелери менен караштырылган фондулук биржадагы түз бүтүмдөрдү каттоо үчүн олуттуу жагдайлар келип чыккан учурларда (түз бүтүмдөр) буйруктарды салыштыруусуз эле түзүлөт."; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын: "Ачык соода ыкмасы аркылуу рыноктук бүтүмдөрдү өткөрүүнүн мүмкүн эместиги фондулук биржадагы тике бүтүмдөрдү каттоо үчүн олуттуу жагдай болуп саналат, анткени мындай бүтүмдөрдүн параметрлери менен шарттары аукциондун же тендердин жыйынтыгынын негизинде тараптар тарабынан, акционерлердин жалпы чогулушунун же коомдун директорлор кеңешинин чечими менен төмөнкүдөй маселелер боюнча алдын ала аныкталат:

- жүргүзүлгөн аукциондун же тендердин жыйынтыгы боюнча жеңген инвесторго коомдун акциясынын пакетин сатуу;

- баалуу кагаздар түрүндө акционерлерге дивиденддерди төлөп берүү;

- ачык акционердик коомдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча эмиссиялоодо акцияларды акционерлердин арасында бөлүштүрүү.";

- 30-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
